КР ФМ Окуу борборунда 2022-жылдын 12-сентябрынан 16-сентябрына чейин “Бюджеттик уюмдар үчүн 1С:Бухгалтерия” окуу курсу болуп өттү

 

ФМ Окуу борборунда 2022-жылдын 12-сентябрынан 16-сентябрына чейин “Бюджеттик уюмдар үчүн 1С:Бухгалтерия” окуу курсу болуп өттү. Ага бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери, жалпы эсеби боюнча 12 кызматкерлери  катышышты.

Окуу курсунун программасында курс боюнча негизги түшүнүктөр; кассалык операциялардын эсеби, кириш кассалык ордери, чыгымдардын кассалык ордери, маянаны эсептөө, маяна боюнча отчеттуулук, эсептешүү ведомосту ж.б. каралды.

Окуунун жүрүшүндө курстун угуучулары “Бюджеттик уюмдар үчүн 1С:Бухгалтерия” тренери Абдышева Рахат Турдукуловнанын жогорку кесипкөйлүгүн белгилешип, бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана толтуруу боюнча зарыл болгон билимдерге ээ болушту. Курсту аяктагандан кийин бардык угуучуларга квалификацияны жогорулаткандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды.