Бүгүн, 2022-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору, FAST USAID долбоорунун колдоосу менен 30 тренер үчүн тренинг өткөрүүдө.

Бүгүн, 2022-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору, FAST USAID долбоорунун колдоосу менен “Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууда башкаруу” темасындагы  тереңдетилген курстун контенттин талкуулоо жана кабыл алуу боюнча 30 тренер үчүн Ысык-Көл областынын Кош-Көл айылындагы “Радуга Вест” эс алуу борборунун конференц-залында тренинг өткөрүүдө.

Тренингдин ачылышында КР Финансы министрлигинин Укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги Асель Исакова жана FAST USAID долбоорунун мамлекеттик сатып алуулар боюнча консультанты Нуркыз Сулайманбекова сөз сүйлөштү.

 КР Финансы министри А.К. Бакетаевдин атынан, Окуу борборунун директору Эрке Турдумамбетова - КР Финансы министрлигинин Ардак грамотасы менен Окуу борборунун тренери, FAST USAID долбоорунун консультанты жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча тереңдетилген курстун модулун иштеп чыккан Уланбек уулу Дастанды сыйлады.

Окуу борборунун тренерлери тренингдин жүрүшүндө аталган курстун темаларын кызуу талкуулашууда, жана ошондой эле аймактардан келген Окуу борборунун тренерлери, жаңыланган курстун кээ бир темалары боюнча өзүлөрүнүн сунуштарын берип жатышты.

Тренерлерди окутуу боюнча тренингдин программасы төмөнкүдөй темаларды камтыды: тереңдетилген курстун программасындагы негизги темалардын академиялык сааттарын эффективдүү бөлүштүрүү; мамлекеттик сатып алуулардын этаптары (пландоодон баштап, келишимди администрлөөгө чейин); мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору жана “Тандоо” электрондук каталогун колдонуу, ж.б..

Ошондой эле тренингдин практикалык бөлүгүндө чакан топтордо иштеле турган FAST USAID долбоорунун консультанты тарабынан жаңы иштелип чыккан кейстер активдүү талкууланууда.