2022-ЖЫЛДЫН 5-СЕНТЯБРЫНАН 09-СЕНТЯБРЫНА ЧЕЙИН КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОКУУ БОРБОРУ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН НООКЕН РАЙОНУНДА КӨЧМӨ ОКУУ КУРСУН УЮШТУРДУ

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда  2022-жылдын 5-сентябрынан 09-сентябрына чейин КР Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан «Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу» темасы менен көчмө окуу курсу уюштурулду.  
Бул окуу курсунун максаты - мамлекеттик кызматкерлердин жана ишкердик менен алектенген жеке адамдардын квалификациясын жогорулатуу. Бул окутууга администрациянын, РИИБнин, Айыл өкмөттөрүнүн, Социалдык фонддун жана Тазалык муниципалдык ишканасынын кызматкерлери катышты.
Угуучулар КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги №27 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" жаңы Мыйзам тууралуу, сатып алууларды жүргүзүүнүн ыкмалары, жол-жоболору, пландаштыруу жана аны Мамлекеттик сатып алуулардын электрондук Порталына жарыялоо жөнүндө билимдерге ээ болушту.

Ноокен районундагы окуу процесинен үзүндү