2022-ЖЫЛДЫН 5-СЕНТЯБРЫНАН 09-СЕНТЯБРЫНА ЧЕЙИН КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОКУУ БОРБОРУ НАРЫН ОБЛУСУНУН АК-ТАЛАА РАЙОНУНДА КӨЧМӨ ОКУУ КУРСУН УЮШТУРДУ

Сатып алуучу уюмдардын адистеринин мамлекеттик сатып алуу жол-жоболору боюнча потенциалын жогорулатуу максатында, Ак-Талаа районунун айыл өкмөттөрүнүн жана Социалдык фондунун  32 мамлекеттик кызматкер үчүн КР Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан "Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу" темасындагы базалык окуу курсу өткөрүлдү. 
Семинарда угуучуларга өздөштүргөн теориялык материалды практикада колдонууга мүмкүнчүлүк берилди. Катышуучулар өз ара жигердүү аракеттенишип, тажрыйба алмашышты. Семинар пайдалуу да, кызыктуу да болуу менен соңуна чыкты. 

 Ак-Талаа районундагы окуу процессинен үзүндү