КР Финансы министрлигинин Окуу борбору өлкөнүн эң бийик тоолуу аймагындагы окуу курсунун соңуна чыкты

ФАСТ ЮСАИД долбоорунун жардамы менен КР Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан уюштурулган КР Финансы министрлигинин райондук финансылык башкармалыктарынын жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуучу окуу курсу бүгүн аяктап жатат.

Окуу курсунун жүрүшүндө угуучуларга төмөнкүдөй актуалдуу темалар боюнча зарыл маалыматтар берилди: Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу, Бюджеттик мыйзамдар, Дем берүүчү гранттар, Мамлекеттик кызмат жана жарандык кызмат, Мамлекеттик-жеке долбоорлорду башкаруу.

Жогорудагы окуу курстарын өткөрүүнүн зарылдыгы жана маанилүүлүгү бир нече себептерден улам келип чыкты, атап айтканда, мамлекеттик сатып алуулар системасындагы, бюджеттик мыйзамдардагы акыркы өзгөрүүлөр жана реформалар финансылык башкармалыктарынын жетекчилеринин потенциалын туруктуу жогорулатуу зарылдыгын жаратты.

Бул окуу курсу ар бир катышуучуга суроолорду берүүгө, эркин талкуулоого, бири-бири менен тажрыйба бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк бергендей түрдө уюштурулган.

КР Финансы министрлигинин 55 финансылык аймактык башкармалыктарынын жетекчилери "Билимге мыктылап сугарылып", суткасына 8 академиялык сааттан окуп, зарыл болгон билимдерди алуу менен квалификацияларын жогорулатышты.

Албетте, тренерлер дагы, угуучулар дагы жумуш рыногунда квалификацияны туруктуу жогорулатуу менен гана атаандаштыкка туруштук берүүгө болот экендигин түшүнүшөт.

Окутуу аяктагандан кийин угуучуларга мамлекеттик сатып алуулар жаатында квалификациясын жогорулаткандыгы тууралуу ЮСАИДдин сертификаттары тапшырылды.

Бирок, ким жакшы иштесе, ал жакшы эс алат демекчи, окуу курсу бүткөндөн кийин, аймактык туризмди өнүктүрүү максатында Таш-Рабатка тур уюштурулду, катышуучулар тоонун таза каныккан абасынан ырахат алышты.

Маалымат үчүн: Нарын - республиканын эң бийик тоолуу областы. Тянь-Шандын эң чоң деп саналуучу Нарын дарыясы ушул жерден башталат.

Таш-Рабат — караван-сарай Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймагында, Кытай менен чек арага жакын жерде жайгашкан. Курулуш Кара-Коюн дарыясынын куймасы болгон Таш-Рабат дарыясынын жээгинде, деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте турат.

Таш-Рабат IX—X кылымдардагы байыркы несториан же будда монастыры турган жерге XV кылымда курулган.