Нарын шаарында 2022-жылдын 17-18-августунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 55 финансылык райондук башкармалыктары үчүн квалификацияны жогорулатуу курсу өткөрүлүп жатат

Нарын шаарында 2022-жылдын 17-18-августунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 55 финансылык райондук башкармалыктары үчүн квалификацияны жогорулатуу курсу өткөрүлүп жатат, ал курс Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Календеров Улугбек Ибраимовичтин кураторлугу астында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан, жана да FAST USAID долбоорунун көмөгү менен төмөнкүдөй актуалдуу темаларда уюштурулду: Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу, Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү акыркы иновациялар, Дем берүүчү гранттар, Мамлекеттик жарандык кызмат жана мамлекеттик-жеке долбоорлорду башкаруу.

КР ФМ Окуу борборунун окутуучусу Д.Уланбек уулу бул окуу курсунун тренери болду. Ал "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү, жаңылыктарды, жаңы мыйзамдагы негизги принциптерди жана түшүнүктөрдү айтып берди. Тренингдин катышуучулары мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдагы жаңылыктар боюнча актуалдуу маалыматтарга ээ болушту, аны талкуулашты, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар системасы жөнүндө өз пикирлерин билдиришти. Райондук финансылык башкармалыктардын жетекчилери мамлекеттик сатып алуулардын аймактардагы катышуучуларына маалымат берүү үчүн мамлекеттик сатып алуулардын кандай инструменттерин жана механизмдерин кантип колдонуу керектигин үйрөнүштү.        Ошондой эле КР ФМ караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасынын жана КР Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери: Ж.Т. Табалдиева, Б.З. Касымов, Т.Т. Исмаилов, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин алдындагы МЖӨ борборунун эксперти Касымов Э. Ж. со-тренерлер болушат.

Катышуучулар курстун жүрүшүндө мамлекеттик сатып алуулар боюнча контракттардын банктык коштоосун, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар системасына киргизилген жаңылыктарды натыйжалуу колдонуу тууралуу сунуштарын айтышууда.