Ош шаарында  КР Финасы министрлигинин аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн кесиптик билимдерди жогорулатуучу курстар өткөрүлдү.

  2019-жылдын 16 – 18-майында  Ош шаарында  КР Финасы министрлигинин аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн кесиптик билимдерди жогорулатуучу курстар өткөрүлдү.

Бул курстардын өтүшүндө окутуучулар тарабынан төмөнкүдөй темаларда презентациялар жасалды:

- “Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасында бюджеттерди кассалык аткаруунун бизнес процесстери”;

- АИС “Казна. Бюджет”;

- “Жергиликтүү бюджеттерди түзүү”;

- “КР мамлекеттик жарандык жана  муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу;

- “Коррупцияга каршы иш аракеттер: жүрүм-турумдун коррупцияга каршы жана укуктук стандарттары”.

Курстун окутуучулары КР Финасы министрлигинин борбордук аппаратынын, КР Финасы министрлигинин борбордук казыналыгынын жана «Инфо-Система»МИ кызматкерлери болушту. Семинардын аякташы менен угуучуларга сертификаттар тапшырылды.