КР ФМ Окуу борбору Х.Зайдель Фондунун угуучулары үчүн "Мамлекеттик–жеке өнөктөштүк" (МЖӨ) жана "Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу" темалары менен эки тренинг өткөрдү.

КР ФМ Окуу борбору Х.Зайдель Фондунун угуучулары үчүн (жергиликтүү кеңештердин депутаттары, айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана айыл аймактарынын жооптуу катчылары үчүн) "Мамлекеттик–жеке өнөктөштүк" (МЖӨ) жана "Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу" темалары менен эки тренинг өткөрдү.

МЖӨ боюнча тренингдин угуучулары (31 адам) МЖӨ жаатындагы жаңы долбоорлор, МЖӨ долбоорлорун издөө, демилгелөө, документтерди даярдоо жана ишке ашыруу жөнүндө кенен түшүнүк алышты.

  "Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу" темасындагы окуу курсунун алкагында угуучуларга (48 адамга) "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик мыйзамдары жөнүндө"; Жергиликтүү бюджеттердин субъектилери жөнүндө, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө " мыйзам, бюджеттер аралык жөнгө салуунун каражаттары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык – экономикалык негиздери ж.б. тууралуу маалымат берилди.

Окуу курсун Окуу борборунун жогорку квалификациялуу тренерлери (практиктери):

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун МЖӨ долбоорлоруна мониторинг жүргүзүү жана илгерилетүү бөлүмүнүн башчысы А.М.Тайиров;

КР Финансы министрлигинин бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынын башчысы С.Б. Нурумбетов өткөрүштү.