Ысык-Көл облусунун Түп айылында 2022-жылдын 1–августунан 5-августуна чейин КР ФМ Окуу борбору тарабынан жерине барып окутуучу (көчмө) окуу курсу уюштурулду.

 

Ысык-Көл облусунун Түп айылында 2022-жылдын 1–августунан 5-августуна чейин КР ФМ Окуу борбору тарабынан жерине барып окутуучу (көчмө) окуу курсу уюштурулду.

Бул курстун негизги максаты - айыл өкмөттөрүнүн жана мамлекеттик сатып алуулар тармагы боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу болуп саналат.

Угуучулар 2022-жылдын 14-апрелиндеги №27 КР "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" жаңы Мыйзамын, сатып алууларды жүргүзүүнүн ыкмаларын, жол-жоболорун, мамлекеттик сатып алууларды пландаштырууну жана электрондук порталга жарыялоо тууралуу билишти.

Окуу курсунун жүрүшүндө угуучулар мамлекеттик сатып алуулар боюнча окутуучу А.Т. Бегалиевдин жогорку кесиптик деңгээлин белгилешти.

Ал эми аптанын жума күнүндө угуучулар жыйынтыктоочу тестирлөөдөн өтүшүп, максималдуу упай топгондорго мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистин I деңгээлдеги электрондук Сертификаты ыйгарылат.