КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОКУУ БОРБОРУ 2022-ЖЫЛДЫН 25-ИЮЛУНАН 29-ИЮЛУНА ЧЕЙИН КЕРБЕН ШААРЫНДА “МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАРДЫ БАШКАРУУ” ТЕМАСЫНДАГЫ БАЗАЛЫК ОКУУ КУРСУН ӨТКӨРДҮ

Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболору боюнча сатып алуучу уюмдардын адистеринин потенциалын жогорулатуу максатында, 2022-жылдын 25-июлунан 29-июлуна чейин Аксы районунун Кербен шаарында мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин жана уюмдардын 25 кызматкери үчүн "Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу" темасында базалык окуу курсу өткөрүлүүдө.

Семинарда угуучуларга өздөштүргөн теориялык материалды иш жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк берилди. Алар мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы жогорку квалификациялуу окутуучулар жана адистер менен активдүү өз ара аракеттенишип, тажрыйба алмашышты.

Окуу курсу аяктагандан кийин, керектүү сандагы балл топтогон угуучуларга 1-деңгээлдеги мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистин Сертификаты берилет.

Бул семинарды уюштуруудагы жардамы үчүн, КР ФМ Окуу борбору Акай районунун финансы башкармалыгынын жетекчиси Муратбек Касымбековичке ыраазычылык билдирет.