Кыргызстандын бюджеттик мекемелери үчүн бухгалтердик каттоо
Нарын шаарында 2022-жылдын 25-июлунан 29-июлуна чейинки аралыгында "Мамлекеттик сатып алуулар башкармалыгы" базалык курсу өткөрүлүүдө. Бул окуу курсуна Нарын районунун айыл өкмөттөрүнөн, шаардык жана облустук маанидеги көптөгөн мекемелерден келген 40тан ашык угуучулар катталган.
Окутууну өткөрүү үчүн Бишкек шаарынан Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө чоң практикалык жана теориялык тажрыйбага ээ болгон, Окуу борборунун мыкты окутуучуларынын бири Уланбек уулу Дастанбек иш сапарына жөнөтүлгөн. Учурда окуу курсу мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жатат.
Окуу курсу аяктагандан кийин, угуучулар мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистин 1-деңгээлдеги электрондук Сертификатын алуу үчүн, компьютердик тестирлөөдөн өтүшөт.
Маалымат үчүн: Нарын - республиканын эң бийик тоолуу облусу. Тянь-Шандын эң чоң дарыясы болуп саналуучу Нарын дарыясы да ушул жерден башталат. КР Финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгы жыл сайын бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринен группа чогултуп, окутуу үчүн Окуу борборунан окутуучуларды чакырат.