КР ФМ Окуу борбору 2022-жылдын 18-июлунан 22-июлуна чейин “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” темасындагы жерине барып окутуучу базалык окуу курсун өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору 2022-жылдын 18-июлунан 22-июлуна чейин Нарын областынын сатып алуучу мекемелердин жана уюмдардын 31 кызматкери үчүн “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” темасындагы жерине барып окутуучу базалык окуу курсун Жумгал районунун Чаек айылында өткөрдү.

Бул курстун негизги максаты - Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын жаңы редакциясына байланыштуу мамлекеттик сатып алууларды башкаруу жаатында квалификациясын, кесиптик компетенциясын жогорулатууга өбөлгө түзүү, ошондой эле электрондук сатып алууларды жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө практикалык билимдерди өздөштүрүү.

Окуу курсунун жүрүшүндө угуучулар Окуу борборунун окутуучусу Кудаяров Сагын Сапарбаевичтин практикалык жана теориялык даярдыгын, жогорку кесиптик тажрыйбасын белгилеп өтүштү.

Семинардын аягында максималдуу балл алган угуучулар "Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу" базалык курсунун 1-деңгээлиндеги сертификатына ээ болушту.