Кыргызстандын бюджеттик мекемелери үчүн бухгалтердик каттоо
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору
2022–2023-окуу жылына карата төмөнкү окуу курстары боюнча окутуучуларды тандоо боюнча сынак жарыялайт:
1. Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу-30 к.;
2. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистештирилген окуу курсу – 10 к;
3. Ички аудитордун квалификациялык сынак Программасы – 5 к;
4. Мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик эсеп жана отчёттуулук – 5 к;
5. Бюджеттик уюмдардын жетекчилери үчүн бухгалтердик эсептин негиздери - 3 к.;
6. Бюджеттик мекемелер үчүн 1С:Бухгалтерия -5 к.;
7. Мамлекеттик инвестиция долбоорлорун башкаруу - 5к.;
8. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк-5 к.;
9. Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу – 5 к.;
10 Бюджеттик мекемелердин бухгалтерлери жана финансисттери үчүн Google
таблицалар – 3 к.;
11. Программалык бюджеттөө -5 к.;
12. Дем берүүчү гранттар -3 к.;
13. Мамлекеттик финансыны башкаруунун негиздери -5 к.;
14. Мамлекеттик салык кызматынын автоматташтырылган маалыматтык системалары -5 к.
Окутуучулар төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
а) жогорку билими;
б) окутулуучу курстардын багыттары боюнча 3 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы;
в) 3 жылдан кем эмес окутуучулук иш тажрыйбасы;
д) кыргыз жана орус тилдерин мыкты билүүсү;
е) Кыргыз Республикасынын аймактарында курстарды өткөрүү үчүн иш сапарларга чыгуу мүмкүнчүлүгү.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
- КР Финансы министрлигинин Окуу борборунун директорунун атына жазылган арыз;
- Паспорттун көчүрмөсү;
- Резюме;
- Билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, (илимий наамы, илимий даражасы - эгерде алар бар болсо);
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- Жарыяланган эмгектеринин, илимий макалаларынын, окуу-методикалык куралдарынын, окуу китептеринин тизмеси (эгерде алар бар болсо);
- Квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
- Патенттин көчүрмөсү (эгерде болсо).
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар конкурска катыша алышпайт.
Бардык каалоочулар сынакка катышуу үчүн, жарыяланган күндөн тартып 30 (отуз) күндүн ичинде, документтерди А4 форматындагы конвертке салып, жаап тапшыруусу зарыл жана төмөнкү дарек боюнча каттоодон өтүүсү зарыл: 720040, Бишкек ш., Эркиндик Б.58А, КР ФМ Окуу борбору - 6-кабат.
Сурап билүү телефону: 66 15 97; 62 58 82