Нарын областынын Кочкор айылында 2022-жылдын 27-июнунан 1-июлуна чейин “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” темасындагы базалык окуу курсу уюштурулду.

Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболору боюнча сатып алуучу уюмдардын адистеринин потенциалын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору Кочкор районунун 35 мамлекеттик кызматкери үчүн “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” базалык курсун өткөрдү.

Семинарда угуучуларга өздөштүргөн теориялык материалды практикада колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Катышуучулар өз ара активдүү аракеттенүү менен тажрыйба алмашышты.

Окутууну мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы жогорку квалификациялуу адис Шаршеев Нурсултан Жолдошбекович алып барды.

Семинардын аягында максималдуу балл алган угуучулар "Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу"базалык курсунун 1-деңгээлиндеги сертификатына ээ болушту.