КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОКУУ БОРБОРУНДА 2022-ЖЫЛДЫН 13-ИЮНУНАН 24-ИЮНУНАН ЧЕЙИН "МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАРДЫ БАШКАРУУ" ТЕМАСЫ МЕНЕН КӨЧМӨ ОКУТУУ КУРСУ БОЛУП ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан 2022-жылдын 13-июнунан 17-июнуна чейин, ошондой эле 2022-жылдын 20-июнунан 24-июнуна чейин Талас шаарында "Мамлекеттик сатып алуулар башкармалыгы" деген темада 2 окуу курсу жерине барып окутулуп, ага 62 мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери катышты.

Курс сатып алууларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу боюнча адистердин квалификациясын жогорулатууну камсыз кылууга багытталган. Курстун катышуучулары мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктарды камсыз кылуу үчүн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларын жөнгө салууда колдонуучу мыйзамдар боюнча системалуу жана актуалдуу билимге ээ болушту. Ошондой эле, курстун катышуучулары алган теориялык билимдерин практикалык сабактарда жана Мамлекеттик сатып алуулардын электрондук порталында http://zakupki.gov.kg/popp/. бекемдеп да, сынап да көрүштү.

Окутуу курсунун негизги максаты: Угуучулардын кийинки кесиптик иш-аракеттеринде зарыл болгон практикалык жөндөмдүүлүктөрдү жана кесиптик жөндөмдөрүн калыптандыруу жана иштеп чыгуу. Курстун узактыгы 40 акад.саат. 5 (беш) күн.

Курска угуучулар Мамлекеттик сатып алуулар боюнча окутуучу Бегалиев Арстан Тургунбаевичтин жогорку кесиптик деңгээлин белгилешти.

Курстун угуучулары көчмө семинарды уюштургандыгы үчүн Окуу борборуна өзгөчө ыраазычылыктарын билдиришип, ушундай көчмө курстарды мүмкүн болушунча башка багыттар боюнча дагы уюштуруу сунушун айтышты.