ТОКТОГУЛ ШААРЫНДА "МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАРДЫ БАШКАРУУ" БАЗАЛЫК КУРСУ БОЮНЧА СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ

Бул окуу курсу сатып алууга жооптуу сатып алуучу уюмдардын, сатып алуу бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине, конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистин сертификатын алууну же жаңыртууну каалаган башка адамдарга арналды.

Бул курстун негизги максаты - мамлекеттик сатып алууларды башкаруу жаатында угуучулардын квалификациясын, кесиптик компетенциясын жогорулатууга өбөлгө түзүүчү практикага багытталган билимдерди өздөштүрүү.

 Бул курстун угуучулары мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер жана жеке жактар болушту.

Курстун узактыгы: 5 күн, 40 академиялык саат.

Курстун өткөрүлгөн даталары:

I группа - с 16.05.2022 – 21.05.2022-ж.;

II группа - с 23.05.2022 – 28.05.2022-ж.;

III группа – с 27.06.2022 – 01.07.2022-ж..