Ош шаарында  КР Финансы министрлигинин  Окуу борбору жегиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын кызматкерлери үчүн

Ош шаарында  КР Финансы министрлигинин  Окуу борбору жегиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын кызматкерлери үчүн “Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу” темасындагы окутуу курсун өткөрөт.

“Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу” темасындагы окутуу курсу   Ош шаарында 2018-жылдын 1-ноябрынан  2-ноябрына чейин  өткөрүлөт. 

Курстун угуучуларына  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  жергиликтүү бюджеттерин башкаруу боюнча укуктук-ченемдик актылар” деген аталыштагы  методикалык колдонмо берилет. Колдонмо Европалык Бирикменин колдоосу менен Финансы министрлиги тарабынан иштелип чыгып, КР Финансы министри А.Касымалиев дин 2018-жылдын 17-августундагы № 44-П жана 23-июндагы № 69-П буйругу менен бекитилген. 

Бул курс Кыргыз Республикасындагы айыл өкмөттөрүнүн финансылык-экономикалык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине, жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрүнө жана  КР Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктарынын кызматкерлерине  арналып түзүлгөн .

Окутуунун максаты - ЖӨБ органдарынын кызматкерлерине  бюджеттер аралык мамилелердин жаңы системалар шартындагы финансылык органдардын милдеттери тууралуу маалымат берүү. Мындан башка дагы курстун катышуучуларын  Бюджеттик кодекстин өзгөчөлүктөрү, жергиликтүү бюджеттерди аткаруу жөнүндө отчетторду пландоо жана түзүү  тартиби тууралуу маалыматтар менен камсыз кылуу.

Окуу курсун тажрыйбалуу тренер-практиктер: КР Финансы министрлигинин бюджеттер аралык мамилелер саясаты бөлүмүнүн башчысы С.Б. Нурунбетов жана КР Финансы министрлигинин жергиликтүү бюджеттердин отчеттор жана мониториги бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Д.Н. Искандаровдор алып барышат.  Жалпы эсеби менен курсту 66 киши угат.

Курстун эң негизги жаңылыгы  “Программалык бюджеттештирүү “ темасындагы инновациялык  онлайн курстун кадамдар боюнча жасалган нускамасынын презентациясы жасалат.  Ар кандай каалоочулар  КР Финансы министрлинин Окуу борборунун маалыматтык-билим беруүчү порталына http://egplms.okmot.kg  кирип, катталып жана төлөмсүз негизде окуй алышат.

Окуу курсу бүткөндөн кийин угуучуларга КР Финансы министрлигинин белгилеген үлгүсүндөгү сертификаттары берилет.

Бул окуу курсун КР Финансы министрлигинин Окуу борбору  КР Финансы министрлигинин Бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгы менен биргеликте 2018-жылдын 7-сентябрындагы КР Финансы министрлигинин Коллегиясынын “КР Финансы министрлигинин Бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгы КР Финансы министрлигинин Окуу борбору менен биргеликте жергиликтүү бюджеттерди түзүү, аткаруу жана отчеттуулук, ошондой эле республикалык бюджеттеги бюджеттер аралык трансферттерди берүү боюнча окутуу курстарын жана дагы “Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу” боюнча онлайн курстарды иштеп чыксын жана өткөрсүн” деген №1 жана №2 токтомдорун аткаруу максатында  иштеп чыккан .