КР Финансы министрлигинин кызматкерлерине тимбилдинг өткөрүү

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кызматкерлеринин кадрдык потенциалын жогорулатуу  максатында, 2022-жылдын 11-12-июнунда Чолпон-Ата шаарында, консалтингдик DT Global компаниясы “Көп деңгээлдүү структурасы бар уюмдардын бөлүмдөрүн жана персоналды башкаруу" темасы менен тренинг уюштурду.

Тренингге  КР Финансы министрлигинин 41 кызматкери б.а. бардык башкаруучу курамы катышты.

Тренингдин негизги максаты интеграцияны күчөтүү жана бөлүмдөрдүн өз ара байланышын жакшыртуу болду.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар командалык иштөөгө эмне жардам берери, эмне тоскоол болоору тууралуу түшүнүктөрүн жана билгичтиктерин өстүрүштү. Уюмда жана жашоодо кандайча өзгөрүүлөр болуп жаткандыгы, бул жалгыз адамдын эрдиги эмес, бул ар бир кызматкердин күнүгө жасаган аракети экендиги жөнүндө түшүнүк берилди.

Тренер көңүлдүү конкурстар жана оюндар аркылуу катышуучулардын биргелешип иштөөсүн жана позитивдүү маанайды камсыздады.

Катышуучулар тренингдин аягында уюштуруучуларга  жана тренерге ыраазычылыктарын, жакшы каалоо-тилектерин  айтышты. Андан соң Сертификат тапшырылып, эстелик үчүн жалпы сүрөткө түшүштү.

Тренингди Д.Чуприна & Партнерлор компаниясынын тренерлери өткөрүштү. Консалтингдик компания Борбордук Азиядагы эң мыкты 10 консалтингдик компаниянын катарына кирет, 300дөн ашык тренингдерди, компанияларды кайра чогултуу жана апгрейда боюнча 500дөн ашык долбоорлорду өз алдынча да,  жетекчи катары да жүргүзүп келет.