КР Финансы министрлигинин Окуу борборунда 2022-жылдын 16-майынан 20-майына чейин "Мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук" темасы менен окуу курсу болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда 2022-жылдын 16-майынан 20-майына чейин "Мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук" темасы менен окуу курсу болуп өттү.

Бул окуу курсунан Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, айыл өкмөттөрүнүн, КР Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы байкоо департаментинин (ЦОВП),дартты алдын алуу жалпы дарыгердик борборунун ж. б. өкүлдөрүнөн  23 бухгалтер өттү.

Квалификацияны жогорулатуучу окуу курсун КР ФМ Окуу борборунун практик, дасыккан окутуучусу Ширин Токташ өткөрдү.

Тренингдин жүрүшүндө мамлекеттик башкаруу секторундагы финансылык – чарбалык операциялар боюнча жер-жерлердеги бухгалтер-практиктер күн сайын туш болгон көйгөйлүү маселелер талкууланды. Берилген бардык суроолорго Ширин Такташ мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук боюнча окуу модулунда көрсөтүлгөн практикалык колдонуу жөнүндө кеңири маалымат аркылуу жооп берди. Курсту аяктагандан кийин бардык угуучуларга квалификацияны жогорулаткандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды.