ФМ Окуу борбору тарабынан 2022-жылдын 30-мартынан 27-апрелине чейин КР Ички иштер органдарынын 56 башчысы үчүн акысыз окуу курсу уюштурулду.

КР Ички иштер министринин биринчи орун басары А.К. Бийбосуновдун КР Финансы министринин орун басары У.И.Календеровго (ИИМ 03.12.2021-ж чыгыш №7054, ФМ 06.12.2021-ж. кириш №12504) жазган катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан 2022-жылдын 30-мартынан 27-апрелине чейин КР ИИМинин Ички иштер органдарынын 56 башчысы үчүн "Бюджеттик мекемелердин жетекчилери үчүн, ичинде мамлекеттик сатып алууларды башкаруу маселелери камтылган бухгалтердик эсептин негиздери" темасында ведомстволор аралык квалификацияны жогорулатуучу үч окуу курсу акысыз негизде уюштурулду.

Курстун программасына бухгалтердик эсеп жана отчеттуулуктун эң актуалдуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды башкаруу жаатындагы маселелер киргизилген.

Бул окуу курсун окуп-үйрөнүүдө РИИБ, ИИБ, ОИИБ, БИИБ башчылары бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн уюштурулушу, ошондой эле КР мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн жол-жоболору менен кеңири таанышышты. Алар төмөнкүдөй темаларды камтыды: Укуктук негиз; Негизги милдеттер жана функциялар; Ички контролдоо тутуму; Финансылык – чарбалык операцияларды эсепке алуу; Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алууларды башкаруунун негиздери ж.б. Ошондой эле аларды кызыктырган суроолорду беришти, мисалы: "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" КР Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча 2021-жылдын 11-августундагы № 99; 2021-жылдын 29-ноябрындагы №141, ошондой эле 2022-жылдын 14-апрелиндеги  КР “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын жаңы редакциясы жөнүндө ар кандай суроолорго канааттандырылган жоопторду алышты.

Окуу курсунун угуучулары КР ФМ Окуу борборунун төмөнкү окутуучуларына ыраазычылык билдиришти:

· КРФМ бухгалтердик эсепти, ички аудитти жана ички көзөмөлдү өнүктүрүү башкармалыгынын Бухгалтердик эсеп методологиясы бөлүмүнүн башчысы  Суранчиева Чинара Бекболотовнага;

· Рыскулбеков атындагы КЭУнун профессору, экономика илимдеринин доктору Бексултанов Азисбек Абдилкариевичке;

· КР ФМ Окуу борборунун тренери, мамлекеттик сатып алуулар боюнча эксперт Абдымомунова Сайнагүл Рыскелдиевнага;

· КР ФМ Окуу борборунун тренери, мамлекеттик сатып алуулар боюнча эксперт Кудаяров Сагын Сапарбаевичке.

- Бухгалтердик эсеп, отчеттуулук жана аудит боюнча эксперт, КР ФМ Окуу борборунун тренери  Асаналиева Кундуз Бекташовнага.