КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ ДҮЙНӨЛҮК АКЧА ЖУМАЛЫГЫНЫН (GLOBAL MONEY WEEK) АЛКАГЫНДА "АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ" БОЛУП ӨТТҮ

2022-жылдын 6-апрелинде КР Финансы министрлигинде Улуттук банктын жана Финансылык билим берүү боюнча эл аралык Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун демилгеси менен, “Акчага акыл менен мамиле жасап, келечекти кургула” деген девиз менен Дүйнөлүк акча жумалыгына (Global Money Week) арналган иш-чаралардын алкагында Ачык эшиктер күнү КР Финансы министрлигинин Окуу борбору менен биргеликте өткөрүлдү. Бул иш-чарага КРСУ, КЭУ, КУУ, КРПМБА, И.Раззакова атындагы КМТУ, ИИМ Академиясы, Кыргыз – Түрк “Манас” университети, ОшМУ, ЖАМУ, ЫМУ жана НМУ жогорку окуу жайларынын финансылык-экономикалык факультеттеринен 258 студент (160 –офлайн; 58 – онлайн) катышты.

Ачык эшиктер күнүнүн негизги максаты- келечектеги финансы тармагындагы адистерди КР Финансы министрлигинин, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн иши жана аларга жүктөлгөн функциялар жана милдеттер менен тааныштыруу.

 Иш-чараны ачуу үчүн куттуктоочу сөздү Финансы министрлигинин жалпы эмгек жамаатынын атынан  министрдин орун басары- КР ФМ Борбордук Казыналыгынын директору Аттокуров Мелс Шерикбаевич сүйлөдү.

КР УБ жана Финансылык билим берүү боюнча эл аралык Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун демилгеси боюнча уюштурулган Дүйнөлүк акча жумалыгына КР Финансы министрлиги жыл сайын катышат.

Глобалдык акча жумалыгы дүйнө жүзү боюнча  2012-жылдан баштап өткөрүлө баштаган. Бул иш-чараны өткөрүүнүн демилгечиси болуп Балдар жана жаштар үчүн финансылык билим берүүнүн жана жеткиликтүүлүктүн эл аралык уюму (CYFI – Child and Youth Finance International) эсептелет, өткөн жылдан бери Финансылык билим берүү боюнча эл аралык Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму уюштуруучу болуп келе жатат. 2012-2021-жылдар аралыгында катышкан өлкөлөрдүн глобалдык компанияларынын саны 21ден 175ке чейин көбөйгөн.

Дүйнөлүк акча жумалыгы коомчулуктун көңүлүн финансылык сабаттуулук жана акча каражаттарына аяр мамиле кылуу маселелерине бурат. Компаниянын түпкү максаты-жаштарга жогорку сапаттуу финансылык билим берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, акчаны сактоого маани берүү маданиятын калыптандыруу жана келечектеги бакубат жашоону жана финансылык туруктуулукту жакшырта турган финансылык туура чечимдерди кабыл алуу үчүн, акчанын мааниси жөнүндө окууларды өткөрүү.

Кыргызстанда глобалдык акча жумалыгы 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бүткүл Республика боюнча (алыскы аймактар жана айылдар кошулуп) биринчи компаниянын алкагында, 6000 окуучулар жана студенттер үчүн 160тан ашуун иш-чаралар өткөрүлгөн: эксперттердин көчмө лекциялары, Улуттук банктын Нумизматикалык музейине экскурсиялар ж.б.

М. Ш. Аттокуров өз сөзүндө бюджеттин кассалык аткарылышынын негиздери жөнүндө да айтып берип, төмөнкүлөрдү баса белгиледи: “Бүгүнкү студенттер – финансылык рыноктун келечектеги катышуучулары, салык төлөөчүлөр, аманат салуучулар жана насыя алуучулар экендигин унутпоо керек. Ошондуктан КР Финансы министрлиги бүгүн сиздерди чакырууну чечти, урматтуу студенттер."

Өз кезегинде КР Финансы министрлигинин Окуу борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө директор Эрке Доолотбековна Турдумамбетова төмөнкүлөрдү айтып берди: "50 миңге жакын окуучу КР ФМ Окуу борборунда курстардан өтүштү. Биз актуалдуу жана суроо-талабы көп окуу курстарын өткөрөбүз, анда мамлекеттик кызматкерлер, бизнес өкүлдөрү жана активдүү жарандар билим алышат. Биздин сертификаттар биздин өлкөдө гана эмес, башка өлкөлөрдө дагы жарайт жана бааланат. Азыр адистердин мобилдүүлүгү жана универсалдуулугу маанилүү, ошондуктан силер коммуникативдүү  болуп, өзгөрүп жаткан дүйнөгө тез көнүп кетүү жөндөмүнө ээ болушуңар зарыл".

КР ФМ Мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын башчысы Кочкоров Алмазбек Тойчубаевич студенттерге мамлекеттик кирешелерди болжолдоону өркүндөтүү жөнүндө айтып берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик бюджетти консолидациялоо бөлүмүнүн башчысы Сарбанова Анжелика Николаевна жана КР ФМ стимулдоочу гранттар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жылчиева Айвира Баетовна чыгып сүйлөштү. А.Н. Сарбанова мамлекеттик бюджет жөнүндө айтып берди, ал эми А. Б. Жылчыева кыскача видео роликти көрсөттү жана дем берүүчү гранттар жөнүндө презентация жасады (дем берүүчү гранттарды бөлүштүрүү механизмдери, бир долбоорго канча каражат бөлүнөт, Конкурстун этаптары) жана бүгүнкү күндө канча долбоор бекитилген статистиканы көрсөтмөлүү баяндады.

Өз кезегинде, КР ФМ персонал менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Табалдиева Жыпара Тойчубековна студенттерге мамлекеттик кызматка кантип кирүүгө болорун, кандай талаптар коюларын, конкурстарды өткөрүү этаптары, улуттук жана ички кадрлар резерви жөнүндө айтып берди.

Катышып жаткан студенттерде КР Финансы министрлигинде практикадан өтүү, Министрликтин иши, анын ичиндеги кайра түзүүлөр тууралуу кызыгуу чоң болду. Бардык катышуучулар кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Эң активдүү студенттер КР ФМ Окуу борборунан практикадан өтүүгө боло тургандыгы жөнүндө сертификаттарды жана сувенирлерди алышты, ошондой эле курстардын кураторлоруна китептер тапшырылды.