КР ФМ ОКУУ БОРБОРУНДА 2022-ЖЫЛДЫН 6-АПРЕЛИНДЕ ЖӨБ ОРГАНДАРЫНДА ЖАРАНДЫК БЮДЖЕТТИ ТҮЗҮҮ ҮЧҮН ВЕБ-ОРЕНТИРЛӨӨЧҮ ТИРКЕМЕ БОЮНЧА ОНЛАЙН ОКУТУУ УЮШТУРУЛДУ

КР Финансы минстрлигинин Окуу борборунда (мындан ары – Окуу борбору) 2022-жылдын 06-апрелинде ЖӨБ органдарында жарандык бюджетти түзүү үчүн, веб-орентирлөөчү тиркеме боюнча (Zoom платформасын колдонуу менен) онлайн окутуу уюштурулду. Бул курс Швейцария Өкмөтү тарабынан Өнүктүрүү жана Кызматташуу боюнча Швейцария башкармалыгы (SDC) аркылуу ишке ашырылып жаткан "Жарандардын үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчеттуулугу: бюджеттик процесс" ӨСИ долбоору менен биргеликте өткөрүлдү.

Онлайн тренингдин максаты аткарылды, тактап айтканда: Кыргызстандагы Баткен (42 адам) жана Талас (51 адам) областтарынын айыл өкмөттөрүнүн финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн 93 башчысы Веб-орентирлөөчү тиркеменин жаңы функциялары менен таанышышты.

Веб- орентирлөөчү тиркемеге жаңы функциялар киргизилгендигин белгилей кетүү керек, эми айыл өкмөттөрү жана шаарлардын мэриялары өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө абал шарттарында онлайн режиминде коомдук угууларды уюштуруп, өткөрө алышат, ошондой эле чыгымдардын беренелерин жана киреше булактарын деталдаштыруу үчүн пункттар да пайда болду.

Бул курс Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган жана Өнүктүрүү саясаты институту тарабынан аткарылган "Жарандардын үнү жана ЖӨБ органдарынын очеттуулугу: бюджеттик процесс" долбоорунун муниципалдык финансыларды башкаруу жана коомдук бюджеттик угуулар маселелери боюнча координатору - тренер Азамат Мамытов тарабынан өткөрүлдү.