КР Финансы министрлигинин Окуу борборунда 2022-жылдын 25-мартында КР Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын 17 жаңы кызматкери үчүн «Персоналдын Онбординги» деген темада курс өтүлдү.

КР Финансы министрлигинин Окуу борборунда 2022-жылдын 25-мартында КР Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын 17 жаңы кызматкери үчүн «Персоналдын Онбординги» деген темада курс өтүлдү.

Окуу курсунун негизги максаты КР Финансы министрлигиндеги жаңы кызматкерлерди жумуш орундарындагы негизги жүрүм-турум эрежелерине адаптациялоо болуп саналат.  

Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери төмөнкүдөй темалар менен таанышышты:

  • КР Финансы министрлигинин ишмердүүлүгү: максаты, милдеттери жана аткарган иштери;
  • Жетекчиликтин иш милдеттери;
  • КР ФМ  Уюштуруучулук түзүмү;
  • Мамлекеттик кызматтагы кадр саясаты;
  • Мамлекеттик кызматкерлердин этикасы;
  • КР ФМ  кызматкерлердин сырткы көрүнүшү (дресс-коду) жөнүндө Жобо;
  • Жумуш ордундагы сүйлөшүү жана коммуникация ыкмалары;
  • КР ФМ документтер менен иштөө регламенти;
  • КР Жогорку Кенештин депутаттарынын каттары жана суроолору менен иштөө тартиби;  
  •  КР Министрлер Кабинетиндеги, Президенттин Администрациясындагы материалдарды даярдоого талаптар;  
  • Корпоративдик маданият: КР ФМ корпоративдик чөйрөсү жөнүндө маалымат;
  • Ички эмгек тартибинин эрежелери;
  • Кесиптик майрам; спорттук коом;
  • Кесиптик бирлик комитети ж.б.

 

Окуу курсунун тренерлери төмөнкүлөр болушту: КР ФМ Персонал менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси  Табалдиева Жыпара Тойчубековна, КР ФМ Документ жүгүртүү жана аткарууну контролдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Алмазбекова Бегайым Алмазбековна; КР ФМ Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Касымов Болот Замирбекович.