КР Финансы министрлигинин Окуу борборунда 2022-жылдын 14-мартынан 18-мартына чейин “Бюджеттик уюмдар үчүн 1С:Бухгалтерия” темасындагы окуу курсу болуп өттү.

КР Финансы министрлигинин Окуу борборунда 2022-жылдын 14-мартынан 18-мартына чейин “Бюджеттик уюмдар үчүн 1С:Бухгалтерия” темасындагы окуу курсу болуп өттү. Бул окуу курсуна Чүй областынын Ысык-Ата районундагы айыл өкмөттөрүнүн бухгалтерлери жана бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери, ошондой эле “КР Президентинин №1 Мамлекеттик резиденциясынынын” кызматкерлери ж.б. катышышты.    

Окуу курсунун программасында курс боюнча негизги түшүнүктөр, кассалык операциялардын эсеби, кириш кассалык ордери, чыгымдардын кассалык ордери, маяны эсептешүү, маяна боюнча отчеттуулук, эсептешүү ведомосту ж.б. камтылган. 

Окуунун жүрүшүндө курстун угуучулары “Бюджеттик уюмдар үчүн 1С:Бухгалтерия” программасынын тренери Токташ Шириндин окутуучулук жогорку кесипкөйлүгүн белгилешип, ыраазычылык билдиришти.
Курстун жыйынтыгында курстун катышуучулары 1С:Бухгалтерия программасы боюнча бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана толтуруу боюнча зарыл болгон билимдерге ээ болушту, кызыктырган суроолорго жооп алышты.