Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан 2022-жылдын 28-февралынан 4-мартына чейин окутуучу курс өткөрүлдү.

КР Финансы министрлигинин Окуу борборунда 2022-жылдын 28-февралынан 4 мартына чейин Ак-Суу айылында, Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун айыл өкмөттөрүнүн 22 бухгалтерине “Бюджеттик уюмдар үчүн 1С:Бухгалтерия” темасында жеринде окутуучу курс өткөрүлдү.

Окуу курсунун программасында курс боюнча негизги түшүнүктөр, кассалык операциялардын эсеби, кириш кассалык ордери, чыгымдардын кассалык ордери, маяны эсептешүү, маяна боюнча отчеттуулук, эсептешүү ведомосту ж.б. каралды.

Окуунун жүрүшүндө курстун угуучулары окутуучу Токташ Шириндин “Бюджеттик уюмдар үчүн 1С:Бухгалтерия” боюнча жогорку кесипкөйлүгүн белгилешип, бухгалтердик эсепти 1С:Бухгалтерия программасы менен жүргүзүүдө жана толтурууда зарыл болгон билимдерге ээ болушту.

Курстун угуучулары окутуучу курсту жеринде уюштургандыгы жана өткөргөндүгү үчүн КР ФМ Окуу борборуна өзгөчө ыраазычылыгын билдирүү менен, башка багыттар боюнча дагы ушул сыяктуу окуу курстары жеринде окутулса жакшы болмок, деген сунуштарын айтышты.