КР Финансы министрлигинин Окуу борборунда 2022-жылдын 28-февралынан 4 мартына чейин “Бюджеттик уюмдар үчүн 1С:Бухгалтерия” окуу курсу болуп өттү

КР Финансы министрлигинин Окуу борборунда 2022-жылдын 28-февралынан 4 мартына чейин “Бюджеттик уюмдар үчүн 1С:Бухгалтерия” окуу курсу болуп өттү. Ага бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери, Чүй областындагы борбордук жалпы дарыгердик практиканын бухгалтерлери, ошондой эле “КР Мамлекеттик өрт коопсуздугу кызматынын” жана “КР Президентинин №1 Мамлекеттик резиденциясынынын” кызматкерлери ж.б. катышышты.   

Окуу курсунун программасында курс боюнча негизги түшүнүктөр, кассалык операциялардын эсеби, кириш кассалык ордери, чыгымдардын кассалык ордери, маяны эсептешүү, маяна боюнча отчеттуулук, эсептешүү ведомосту ж.б. каралды.

Окуунун жүрүшүндө курстун угуучулары “Бюджеттик уюмдар үчүн 1С:Бухгалтерия” программасынын тренери Абдышеву Рахат Турдукуловнанын окутуучулук жогорку кесипкөйлүгүн белгилешип, 1С:Бухгалтерия программасындагы бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана толтуруу боюнча зарыл болгон билимдерге ээ болушту.