2018-жылдын 10-12-октябрында КР Финансы министрлигинде КР Финансы министрлигинин Бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгы менен биргеликте

Окуу борборунда “Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу” темасындагы үч күндүк семинар-тренинг өттү.

 

2018-жылдын 10-12-октябрында КР Финансы министрлигинде КР Финансы министрлигинин Бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгы менен биргеликте Окуу борборунун базасында уюштурган “Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу” темасындагы үч күндүк семинар-тренинги өткөрүлдү. 

Бул курс 2018-жылдын 7-сентябрындагы КР Финансы министрлигинин Коллегиясынын токтомун аткаруу максатында, жергиликтүү бюджеттерди түзүү, аны аткаруу жана отчеттуулук, ошондой эле республикалык бюджеттен бюджеттер аралык трансферттерди берүү боюнча окутуу курстарын иштеп чыгуу жана өткөрүү зарылдыгы менен Финансы министрлигинин Бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгы жана Окуу борбору тарабынан иштелип чыккан.

Окуу курсуна айыл өкмөттөрүнүн финансылык-экономикалык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү, КРФМ аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери катышты.

 Ошондой эле “Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу” темасындагы онлайн курстун презентациясы пландаштырылып жатат. Келечекте онлайн курс бардык угуучулар үчүн КР ФМ Окуу борборунун Маалыматтык-билим берүү порталында ачылат: egplms.okmot.kg .

 

Ушундай эле семинар-тренингдер Окуу борборунун аймактык филиалдарында дагы жүргүзүлөт: 2018-жылдын 01 - 02 ноябрында Ош шаарында (Ленин көчөсү, 289,4-кабат.); 2018-жылдын 03 - 04 ноябрында Жалал-Абад шаарында (Кыргыз Республикасы көчөсү,128 А) болот.

Курстун баасы Мамлекеттик кызматтардын Бирдиктүү реестрине (тизмегине) жана КР Финансы министрлгинин Окуу борборунун баалар Прейскурантына ылайык, 2500 сомду түзөт.

Тизмелер, телефон номурлар жана катышуучулардын төлөмдөрү төмөнкүдөй даректерге жөнөтүлүшү зарыл: 0312-62-58-78, факс: 0 312-62-58-52, amirbekov.s.k.91@gmail.com