Каржы министрлигинин Окуу борбору жаңы курстарды өткөрүүнү пландаштырууда

 

Бюджеттик жана муниципалдык уюмдардын кызматкерлеринин потенциалын өстүрүү жана квалификациясын жогорулатуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министлигинин 2022-жылдын 14-февралында №6-П “2022- окуу жылына карата КР Финансы министрлигинин Окуу борборунун окуу планын бекитүү жөнүндө” буйругун аткаруу үчүн, КР Финансы министрлигинин Окуу борбору төмөнкүдөй темалардагы окуу курстарын өткөрүүнү пландаштырып жатат:

  1. Мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук”

Окуу курсунун узактыгы 5 күн, 40 академиялык саат, саат 9:00дөн 16:30га чейин.

Курстун баасы 4200 сом;

      2.“Бюджеттик мекемелердин жетекчилери үчүн бухгалтердик эсептин негиздери”

 Окуу курсунун узактыгы 2 күн, 16 академиялык саат, саат 9:00дөн 16:30га чейин.

Курстун баасы 2000 сом;

      3.“Бюджеттик мекемелер үчүн 1С: Бухгалтерия”

Окуу курсунун узактыгы 5 күн, 30 академиялык саат, саат 9:00дөн 15:00га чейин.

Курстун баасы 3500 сом;

     4.“Бюджеттик мекемелердин бухгалтерлери жана финансистери үчүн Google Таблицалар”

Окуу курсунун узактыгы 2 күн, 8 академиялык саат, саат 9:00дөн 12:30га чейин.

Курстун баасы 1600 сом.

Группага бюджеттик жана муниципалдык уюмдардын бухгалтерлери жана финансистери топтолот, ошондой эле жогорудагы окуу программалары боюнча адистин сертификатын алууну каалагандар катыша алышат.

            Жогоруда айтылгандардын негизинде, Сизден катышууну каалоочулардын тизмесин жана телефон номурларын төмөнкү байланыш дарегине: 0705 148006, 0555 222 033, факс: 0312 625852, ucmfkr@gmail.com жөнөтүүгө көмөктөшүүңүздү суранабыз.  

Дареги: Эркиндик бульвары 58 А, 6-кабат, 608-кабинет