МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕР "МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР" БОЮНЧА ОКУТУУ КУРСУНАН ӨТҮШТҮ

Баткен шаардык мэриясында муниципалдык мекеме-ишканалардын адистери үчүн "Мамлекеттик сатып алуулар" боюнча окутуу өткөрүлдү.
Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборуна "мамлекеттик сатып алуулар" жөнүндө жаңы мыйзамдар боюнча кызматкерлерди окутуу максатында кат менен кайрылган.

Окутуу Баткен шаарында 10-январдан 14-январга чейин жүргүзүлдү. "Мамлекеттик сатып алуулар" боюнча окуу курсуна муниципалдык мекеме-ишканалардан 27 кызматкер катышкан.

Бул окуу курсунун негизги максаты - угуучулардын мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы практикалык жөндөмдөрдү өздөштүргөн билимдери аркылуу кесиптик компетенцияларын жогорулатуу.

Окуу курсунун катышуучулары КРнын 2015-жылдын 3-апрелиндеги №72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамына киргизилген акыркы өзгөртүүлөр, сатып алуулардагы усулдар, жол-жоболор, пландоолор жана Мамлекеттик сатып алуулар электрондук порталында кулактандырууларды жарыялоо тууралуу маалымат алышты.

Окуу курсу аяктагандан кийин угуучулар компьютердик тестирлөөдөн өтүшөт жана ийгиликтүү тапшырган угуучуларга "Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу" базалык курсу боюнча I деңгээлдеги электрондук сертификат ыйгарылат.

Аталган окуу курсу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ош шаарындагы Окуу борборунун мамлекеттик сатып алуулар тармагында чоң тажрыйбага ээ, мыкты окутуучулары Толубай Абдыкаров жана Асия Хабибулина тарабынан өткөрүлдү.