Кыргызстандын бюджеттик мекемелери үчүн бухгалтердик каттоо
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору 2021-жылдын 13-декабрынан 17-декабрына чейин Талас областынын бюджеттик мекемелеринин кызматкерлери үчүн Талас шаарында “Бюджеттик мекемелер үчүн 1С: Бухгалтерия” темасы боюнча 21 кишиге окутуу курсун өткөрдү.
Окуунун аягында угуучулар 1С: Бухгалтерия программасында бухгалтердик эсеп жүргүзүү жана толтуруу боюнча керектүү билимдерге ээ кылган окутуучу Ташиева Ниязали Маметибраимовичке терең ыраазычылыгын билдиришти.