2021-жылдын 2-августунан 7-августуна чейин КР ЭФМ Окуу борбору Тоң районунун Бөкөнбаев айылында кезектеги барып окутуучу окуу курсун уюштурду

2021-жылдын 2-августунан 7-августуна чейин КР ЭФМ Окуу борбору мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана уюмдардын 18 кызматкери үчүн Тоң районунун Бөкөнбаев айылында кезектеги барып окутуучу окуу курсун уюштурду.

Бул курстун негизги максаты – мамлекеттик сатып алууларды башкаруу жагындагы квалификацияны, кесиптик компетенцияларын жогорулатууга өбөлгө түзүүчү практикалык билимдерди өздөштүрүү болуп саналат.

Курстун угуучулары 2015-жылдын 3-парелиндеги №72 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамына киргизилген акыркы өзгөртүүлөр, колдонулуучу усулдар, жол-жоболор, пландаштыруу жана Мамлекеттик сатып алуулар Порталына жарыялоо жөнүндө билишти. Окутуунун бүтүшү менен угуучулар жыйынтыктоочу тестирлөөдөн өтүшөт, максималдуу балл алгандар “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” курсунун электрондук I деңгээлдеги сертификатына ээ болушат.