«Туруктуу мамлекеттик сатып алуулар: Лампалар жана түнкү жарыктандыргычтар (светильниктер), Жеке сактануучу жана дезинфициялоочу каражаттар, бактардын жана бадалдардын көчөттөрү»

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-ноябрындагы №605 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында  2019-2023-жылга карата "Жашыл" экономиканы өнуктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш чаранын  планын аткарууда, «Zoom» платформасы менен "Туруктуу мамлекеттик сатып алуулар: Лампалар жана түнкү жарыктандыргычтар (светильниктер), Жеке сактануучу жана дезинфициялоочу каражаттар, бактардын жана бадалдардын көчөттөрү" темасында онлайн окуу курсуна группа топтолуп жатат. 

Бул окуу курсу сатып алуучу уюмдардын сатып алууларга жооптуу болгон кызматкерлерине, сатып алуулар бөлүмүнүн, тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө жана башка жашыл сатып алуулар тармагы боюнча билимин жогорулатууга кызыккандарга арналат.  

Курстун узактыгы: 2 күн, 16 академиялык саат

Курсту өткөрүү датасы: 2021-жылдын 4-жана 5-августу

Курстун баасы: акысыз түрдө (бекер).

Катышуу үчүн 2021-жылдын 2-августуна чейин уюмдун фирмалык бланкында кызматкердин аты жөнү, байланыш дареги  жазылган өтүнмөнү (заявканы) төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү керек:  gulira_nagaeva@mail.ru, Нагаева Гулира Кубанычбековна  тел: 0705 148 006