Нарын областы боюнча саякат улантылууда... Мына биз Баетовго келдик!

2021-жылдын 14-июнунан 18 июнуна чейин КР ЭФМ Окуу борбору Баетов айылында (Кыргызстандын бийик тоолуу аймагы деп эсептелген  Ак-Талаа районунун борбору) окуу курсун өткөрүп жатат.  

Окуу курсунун лектору: Кудаяров Сагын Сапарбаевич

Практика боюнча тренер : Эсенаманов Асылбек Келдибекович

Бүгүн окуу курсунун жыйынтыктоочу күнү, угуучулар ЭМСА порталында кулактандырууларды түзүү ишин өздөрү жасап көрүштү жана тапшырмаларды ийгиликтүү аткарып, аларды презентациялап жатышат.  Ошондой эле 18-июнда саат  15:00дө Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистин сертификатын алуу үчүн компьютердик тестирлөө өткөрүлөт.

Бул тестирлөөдө бардыгына ийгилик каалайбыз !!!