КР Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борбору 2021-жылдын 5 ай аралыгында (б.а. 4-январынан 31-майга чейин) 2089 угуучуга окуу курстарын уюштурду.

КР Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борбору (мындан ары – Окуу борбору) төмөнкүлөрдү кабарлайт: 2021-жылдын 5 ай аралыгында (б.а. 4-январынан 31-майга чейин) Бишкек шаарында, ошондой эле КР ЭФМ Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы аймактык башкармалыктарынын базасында жайгашкан окуу кабинеттеринде 2089 угуучуга окуу курстарын уюштурду. (Бишкек ш.- 1894 киши, Ош ш.- 121 киши, Джалал-Абад ш.– 74 киши).

2021-жылдын март айында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. Окуу борбору бул боюнча өлкөбүздүн аймактарына барып, Нарын, Каракол, Кербен, Балыкчы, Кызыл –Кыя, Токтогул шаарларында, ошондой эле Каныш-Кыя айылында 114 угуучуга окуу курстарын уюштуруп келди.

Учурдагы абалга, коронавирус инфекциясынын таралып жатканына жана аны менен күрөшүүгө байланыштуу, Окуу борборунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, орто жана чакан бизнес өкүлдөрү үчүн 738 угуучуга Zoom платформасы менен бир катар онлайн курстар өткөрүлдү. Көрүп тургандай эле, онлайн окутуу салттуу күндүзгү офлайн окутуудан калышкан жок. 

Окуу борборунун кызматкерлери жана окутуучулары угуучуларга жаңы технологияны өздөштүрүп, өздөрүнүн компетенцияларын көтөрүү мүмкүнчүлүгүн түзгөн  ыңгайлуу электрондук каражаттарды колдонушту.Мындай актуалдуу онлайн лекциялар ар кандай практикалык кейстер жана мисалдар менен толукталды. Буга кошулуу үчүн угуучулардан компьютер же телефон аркылуу интернет гана керектелет. Окуу борборунун кызматкерлери угуучулардын смартфондоруна, жеке компьютерлерине жана ноутбуктарына Zoom видеоконференц байланыш сервизин орнотуп, аларды өздөштүрүү жардамын көрсөтүштү.

Окуу борборунун кызматкерлери жана окутуучулары өз билимдерин жогорулатуучу төмөнкүдөй тренингдерге катышышты:

-: “КР «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр” темасындагы Training of Trainers (мындан ары - TOT);

- “Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун техникалык өзгөчөлүктөрү” темасындагы TOT;

“Өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу 6 элементи” темасындагы TOT;

- «Basic SMM Training» Egemendik Public Association with the support of JACAFA & The Nippon Foundation темасындагы окуу курсу;

-АКШ Соода министрлигине караштуу (CLDP) Коммерциялык укуктарды өнүктүрүү программасы менен биргеликте уюштурулган  «Алкактык макулдашуу тарабындагы  Кыргыз Республикасындагы алдыңкы тажрыйбалар” темасындагы онлайн вебинар.