КР ЭФМ Окуу борбору тарабынан Балыкчы шаарында мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкери үчүн барып окутуу курсу уюштурулду

Бул окуу курсунун негизги максаты – угуучулардын мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы практикалык жөндөмдөрдү өздөштүргөн билимдери аркылуу кесиптик компетенцияларын жогорулатуу.

Окуу курсунун катышуучулары КР 2021-жылдын 5-мартындагы

№28 “Мамлекеттик сатып алуулар  жөнүндө” Мыйзамына киргизилген акыркы өзгөртүүлөр, сатып алуулардагы усулдар, жол-жоболор, пландоолор жана Мамлекеттик сатып алуулар электрондук порталында кулактандырууларды жарыялоо тууралуу билишти.

Окуу курсу аяктагандан кийин угуучулар компьютердик тестирлөөдөн өтүшөт жана ийгиликтүү тапшырган угуучуларга “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” базалык курсу боюнча I деңгээлдеги электрондук сертификат ыйгарылат.