КР ЭКОНОМИКА ЖАНА ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОКУУ БОРБОРУ ӨЛКӨБҮЗДҮН ЭҢ ЧОҢ АЙМАГЫНДА ОКУУ КУРСУН ӨТКӨРҮП ЖАТАТ

КР ЭКОНОМИКА ЖАНА ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОКУУ БОРБОРУ ӨЛКӨБҮЗДҮН ЭҢ ЧОҢ АЙМАГЫНДА ОКУУ КУРСУН ӨТКӨРҮП ЖАТАТ

Нарын областы республиканын бийик тоолуу областы. Тянь-Шань тоосунан агып түшкөн эң ири Нарын дарыясы ушул жерден башталат. КР Экономика жана финансы министрлигинин Нарын аймактык башкармалыгы жыл сайын бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринен группа топтоп, окуу курстарын өткөрүү үчүн Окуу борборунун окутуучуларын жана кызматкерлерин чакырышат.

2021-жылдын 31-майынан 4-июнуна чейин Нарын шаарында “Мамлекеттик сатып алуулар” темасындагы базалык окуу курсу өтүп жатат. Окуу курсуна областтык жана шаардык мекемелердин, Нарын районунун бардык айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери жазылышты. Окуу процесси мамлекеттик тилде өтүүдө. Бул курсту окутуу үчүн, мамлекеттик сатып алуулар жаатында чоң практикалык тажырыйбасы бар, Бишкек шаарындагы Окуу борборунун мыкты окутуучусу Уланбек уулу Дастанбек жөнөтүлгөн.

Окуу процесси бүтөөрү менен угуучулар электрондук түрдө мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистиктин сертификатын алуу үчүн компьютердик тестирлөөдөн өтүшөт.