“Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” окуу курсу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Ханнс Зайдель Фондунун биргелешкен магистрдик программас

“Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” окуу курсу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Ханнс  Зайдель Фондунун биргелешкен магистрдик программасына киргизилди.  Окуу борбору 40 саатык программадагы базалык окуу курсун магистранттардын жадыбалына ылайык түзүп чыкты, ошондуктан окуунун узактыгы бир айга кеңейтилди: 2021-жылдын 19-майынан 18-июнуна  чейин өтөт.

Лекциялык сабактар КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын окуу аудиториясында өтөт. Түзүлгөн жадыбалга ылайык окуу курсунун тренери Уланбек уулу Дастанбек жана  КР ЭФМ Окуу борборунун кызматкери курс өтүүчү жайга барып окутушат. Практикалык сабактарды өтүү үчүн кошумча тартылган тренерлердин сабагына катышуу үчүн магистранттар Окуу борборуна чакыртылат. Ошону менен бирге башка угуучулар сыяктуу эле, магистранттар Окуу борборунун компьютердик классында тестирлөөдөн өтүшү зарыл. Тестти ийгиликтүү тапшыруу менен мамлекеттик сатып алуулар адисинин электрондук сертификатын алышат.

КР ЭФМ Окуу борбору Ханнс  Зайдель Фонду аркылуу каржыланган  мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге окутууну биринчи жолу өткөрүп жаткан жок. Ошондуктан биз менен кызматташып, ишеним көрсөткөндүгү үчүн Фондго ыраазычылык билдиребиз.