2021-ЖЫЛДЫН 26-АПРЕЛИНЕН 1-МАЙЫНА ЧЕЙИН АЛЫСКЫ ЧАТКАЛ РАЙОНУНУН КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛЫНДА ОКУУ КУРСУ  ӨТКӨРҮЛДҮ

2021-жылдын 26-апрелинен 1-майына чейин мамлекеттик жана муниципалдык 25 кызматкер үчүн Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” темасындагы базалык окуу курсу өткөрүлдү.

Бул окуу курсунун максаты: Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мамлекеттик каражаттарды үнөмдүү жана натыйжалуу колдонулушун камсыздоо.

Тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн угуучулар сертификатка ээ болушту.

КР ЭФМ Окуу борборунун жигердүү командасы барып окутуучу курстарды уюштурууга даяр, курска катышуу үчүн төмөнкү байланыш даректерине кайрылсаңыздар болот

Окуу курстарыбызга кош келиңиздер!