КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОКУУ БОРБОРУ 2021-ЖЫЛДЫН 17-МАЙЫНАН 21-МАЙЫНА ЧЕЙИН КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНДА ОКУУ КУРСУН УЮШТУРУП ӨТКӨРДҮ

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борбору 2021-жылдын 17-майынан 21-майына чейин мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин 30 кызматкери үчүн Кызыл-Кыя шаарында “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” базалык окуу курсун уюштуруп өткөрдү.
Окуу курсу уюмдардын кызматкерлеринин билимдерин жогорулатууга жана сатып алууларды ишке ашырууга багытталган. Курстун катышуучулары мамлекеттик жана муниципалдык керектөлөрдү камсыздоо үчүн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды регламенттөөчү иштеп жаткан мыйзамдын алкагында системдүү жана актуалдуу билимдерге ээ болушту. Ошондой эле курстун угуучулары алган теориялык билимдерин практикалык сабактарда, Мамлекеттик сатып алуулар электрондук порталында http://zakupki.gov.kg/popp/ бышыктап жана апробациялашты. Тестирлөөдөн өткөн гана курстун угуучулары сертификаттарды ала алышты.