БИШКЕКТЕГИ БИЗДИН ОКУУ КУРСУБУЗГА КЕЛҮҮ АЛЫС ЖАНА ЫҢГАЙСЫЗ БОЛУП ЖАТАБЫ?

БИШКЕКТЕГИ БИЗДИН ОКУУ КУРСУБУЗГА КЕЛҮҮ АЛЫС ЖАНА ЫҢГАЙСЫЗ БОЛУП ЖАТАБЫ?

  Мындай учурда Окуу борборунун командасы өлкөбүздүн бардык региондорундагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутууга жана тестирлөө өткөрүүнү уюштурууга дайым даяр.   

Бишкектен 503 километр алыс,

10 сааттык жол,

29 угуучу күтүп жатат.

Семинардын катышуучулары Жалал-Абад обласынын Аксы районун бардык тарабынан топтолушкан.  Окуу  Кербен шаарындагы ЖАМУнун Аксыдагы колледжине пландаштырылган. 

Курстун лектору Кудаяров Сагын Сапарбаевич. 

Күтүп жаткан окутуу башталды, жургүзүлдү.  Бүгүн болсо, бул курстун акыркы 5-күнү.

Окуу курсунун катышуучулары ЭМСА порталында кулактандырууларды түзүштү жана аткарылган тапшырмаларды ийгиликтүү презентациялап жатышат.  Ошондой эле, бүгүн саат 15:00дө Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистин сертификатын алуу үчүн компьютердик тестирлөө жүргүзүлөт.    

Бардыгына ийгилик каалайбыз!!!