2021-жылдын 19-25 апрелине чейин КР ЭФМ Окуу борборунун Жалал-Абад шаарындагы кабинетинин базасында 22 кишиге “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” темасында базалык окуу курсу жүргүзүлдү.

2021-жылдын 19 апрелинен 25 апрелине чейин   КР ЭФМ Окуу борборунун Жалал-Абад шаарындагы кабинетинин базасында 22 кишиге “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” темасында базалык окуу курсу жүргүзүлдү.   

Окуу курсунун негизги максаты: Кесиптик ишмердүүлүктө зарыл болгон практикалык көндүмдөрдү жана профессионалдык жөндөмдүүлүктөрдү угуучуларга калыптандыруу.  

Лекциялар менен катар, угуучулар теориялык алган билимдерин практикалык сабактар менен бышыкташты, б.а.  кулактандырууну кантип түзүү, ЭМСА порталына өз алдынча кантип катталуу, сатып алуулар планын кантип тариздөө керек экендигин, баалар мониторинги ж.б майда-чүйдөсүнө чейин үйрөнүштү.

Материалды мыкты өздөштүргөндөр жана тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөндөр сертификатка ээ болушту.