Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борборунда “Ички аудитордун квалификациялык сертификатын алуу программасы” боюнча окуу курсу болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борборунда аудитор-талапкерлер (квалификациялык экзаменге катышууну каалоочулар) ички аудитордун квалификациялык сертификатын алуу максатында, 2021-жылдын 26-апрелинен 19-майына чейин 100 академиялык саат көлөмүндөгү окуу курсун “Ички аудитордун квалификациялык сертификатын алуу программасы боюнча Окуу курсу” темасы менен өтүшөт.     

Окуу курсунун программасы бюджеттик процесс, мамлекеттик сатып алуулар, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук, ички аудит жана ички көзөмөл (контроль) тармактарындагы темаларды камтыйт. 

Окутууну жогорку дасыккан адистер алып барышат: КР ЭФМ Борбордук казыналыгынын Казыналык жол-жобо усулдары жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Чоколова Роза Турдумамбетовна, Мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы эксперт Базакеева Жылдыз Жаманчаевна, экономика илимдеринин доктору, профессор Бексултанов Азисбек Абдилкариевич, экономика илимдеринин доктору, КР Эсептөө Палатасынын аудитору Баженова Татьяна Петровна, «Вакцина и иммунизация боюнча глобалдуу альянс» долбоорунун менеджери, аудитор Асаналиева Кундуз Бекташевна.

Окутуу онлайн режиминде, ошондой эле гибриддик окутуу түрүндө (өз ичине окутуунун онлайн и офлайн формаларын камтыган) өтөт.