КР ЭФМ Окуу борборунда 2021-ж. 20.04.-04.05.21 чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан web-багытындагы тиркеме менен жарандык бюджетти түзүү боюнча онлайн окутуу уюштурулду.

КР Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борборунда (мындан ары - Окуу борбору) 2021-жылдын 20-апрелинен 4-майына чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдары тарабынан (Zoom платформасын колдонуу менен) web-багытындагы тиркеме менен жарандык бюджетти түзүү боюнча онлайн окутуу уюштурулду. Бул курс Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органадарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору менен биргеликте өткөрүлдү.   

Онлайн-тренинг максатына жетти, тактап айтканда: Кыргызстандын 7 облусунун айыл өкмөттөрүндөгү финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн 482 башчысы web-багытындагы тиркеменин жаңы функциясы, ошондой эле 2020-жылга карата бюджетти аткаруу боюнча жарандык бюджетти түзүүнүн графиги жана 2021-жылга бекитилген бюджет менен таанышышты.

Белгилеп кетүүчү нерсе, web-тиркемеге жаңы функциялар кошулду. Мындан кийин айыл өкмөттөрү жана шаар мериялары өзгөчө кырдаал абалында жана шарттарында коомдук угууларды онлайн режиминде уюштуруп өткөрө алышат, ошондой эле чыгымдар жана киреше булактары беренесин териштирүү (детализациялоо) үчүн пункттар киргизилди.   

Бул окуу курсу Окуу борбору менен Өнүктүрүү саясат институтунун ортосундагы кызматташтык боюнча түзүлгөн Меморандумдун негизинде акысыз түрдө жүргүзүлдү. Аны бюджеттик угуулар, муниципалдык финансыны башкаруу маселелери боюнча координатор-тренер Азамат Мамытов өткөрдү.