КР ЭФМ Окуу борборунда 2021-жылдын 12-22 апрелине чейин “Мамлекеттик сатып алууларды (товарларды, жумуштарды, консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү) башкаруу” темасында окуу курсу болуп өттү.

Окуу курсунун максаты мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарындагы адистердин компетенциясын жогорулатуу болуп саналат.

Бул курстун алкагында угуучулар сатып алууларды тескөө системасы, мыйзамдагы акыркы өзгөрүүлөр жана анын практикада колдонулушу жөнүндө түшүнүк алышып, комментарийлерди, практик адистердин сунуштарын угушту, ошондой эле сатып алууларды уюштуруу жана ага катышуу процессинде пайда болуучу ар түрдүү маселелерди чечүүнүн практикалык жөндөмдөрүнө ээ болушту.

Курстун ийгиликтүү аякташы менен курска II деңгээлдеги сертификаттар ыйгарылды.

Окуу борборунун тренерлери: С.Р. Абдымомунова, Ж.Ж. Базакеева, К.А. Молдокулов,Улан у Дастан.жана А.А. Турусбекова бул окуу курсунун лекторлору болушту.