Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлору: издөө, демилгелөө, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү”

Конференцияны өткөрүүнүн максаты: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизиндеги долбоорлорду издөө, демилгелөө, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча тажрыйба алмашуу үчүн ачык талкуулоо аянтчасын түзүү.

Негизги милдеттер:

катышуучулардын жеке креативдүүлүгүн (кырдаалдан чыгуучу өзгөчө жөндөмдүүлүгүн) жогорулатуу; катышуучулардын чыгармачылык (жекече жана топтогу) мүмкүнчүлүгүн өркүндөтүү, натыйжалуу, инновациялык ой жүгүртүүсүн өстүрүү; мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселеси боюнча кесиптик компетентүүлүгүн жогорулатуу.

 

Өткөрүү орду: Бишкек шаарынан 245 км жана Чолпон-Ата шаарына 5 км жетпей, Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги Кара-Ой айылында жайгашкан “Ысык-Көл Акун” мейманканасы.

Конференциянын катышуучулары төмөнкүдөй чыгымдарды көтөрүшү керек болот:

  • “Ысык-Көл Акун” мейманканасында жашап туруу (үч жолку тамактануу менен)   2 же 3 орундуу “Стандарт” категориясындагы (топтогу) бөлмөлөр 1 адамга суткасына 3150 сомду түзөт. (төлөм барган учурда,ошол жерде жүргүзүлөт);
  • Бишкек шаарынан мейманканага/мейманканадан жолго кетүүчү чыгымдар (өз алдынча жүргүзүлөт).

Конференцияга катышуунун шарттары: акысыз (2018-жылдын 06-августуна чейин болжолдуу каттоодон өткөн катышуучулар үчүн таратуучу материалдардын баасына, кофе-брейктерге, катышкандыгы үчүн берилүүчү сертификаттарга кеткен чыгымдар уюштуруучулар тарабынан каржыланат). Орундардын саны чектелүү!

 

Толук маалыматты http://uchebcentr-mf.kg сайтынан же +996 312 625878, +996 312 625845 телефондору аркылуу ала аласыз: (Азамат Сакиев, Наргиза Чойбекова), ошондой эле катышууга карата табыштаманы e-mail: sakiev01@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүү зарыл.