2021-жылдын 20-апрелинде КР ФМ Окуу борборунда 15 берүүчү, электрондук мамлекеттик сатып алууларга катышуу жана конкурстук табыштамаларды берүү боюнча окуу курсу өттү.

Бул окуу курсунда угуучулар КР Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталына өздөрүнүн фирмаларын каттоодо киргизилген жаңылыктарды билишип, конкурсту  издөө жана конкурстук документацияны кароону үйрөнүштү.

Курстун тренери Базакеева Жылдыз Жаманчаевна конкурстук табыштаманы даярдоо процессин демонстрациялады, ар бир берүүчү Мамлекеттик сатып алуулардын тесттик порталында жеке конкурска катышууну жасап көрдү, ошондой эле Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин талдоо жана иновация секторунун башчысы Шаршеев Нурсултан Джолдошбекович электрондук санариптик кол тамганы Мамлекеттик сатып алуулар порталында колдонууну майда-чүдөсүнө чейин айтып берди.

Окуу курсунун аякташы менен угуучулар электрондук күбөлүккө ээ болушту жана катышуучулардын көпчүлүгү “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамды терең өздөштүрүү үчүн базалык окуу курсуна жазылышты.