Бишекек шаарындагы эпидемиологиялык кырдаалдын күчөшүнө байланыштуу 2021-жылдын 19-апрелинен баштап окуу курстарынын көпчүлүгү онлайн режиминде өткөрүлөт

Урматтуу КР Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борборунун угуучулары жана окутуучулары,

Бишекек шаарындагы эпидемиологиялык кырдаалдын күчөшүнө байланыштуу 2021-жылдын 19-апрелинен баштап окуу курстарынын көпчүлүгү онлайн режиминде өткөрүлөт (б.а. ZOOM платформасында), ошондой эле өз ичине онлайн жана салттуу дагы (күндүзгү) билим берүүнүн формасын камтыган гибриддик окутууну (Blended leaning) колдонуу менен жүргүзүлөт.

Тестирлөөнү кайра тапшыруу үчүн дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү саат 10:00 дөн 11:00 гө чейин келсеңиздер болот.

Сураныч, Окуу борборуна келүүдө беткап тагынып, антисептик колдонуңуздар.

Баарынан мурда Сиздердин ден соолугуңуздарды баалайбыз, ошондуктан дистанттык билим берүүгө өтүп жатабыз.