2021-жылдын 31-мартында  КР ЭФМ Окуу борборунун тренерлери, кызматкерлери , Мамлекеттик сатып алуу департаментинин кызматкерлери, ошондой эле бюджеттик мекемелердеги сатып алуулар боюнча

2021-жылдын 31-мартында  КР ЭФМ Окуу борборунун тренерлери, кызматкерлери , Мамлекеттик сатып алуу департаментинин кызматкерлери, ошондой эле бюджеттик мекемелердеги сатып алуулар боюнча тажрыйбалуу адистер үчүн  «Мамлекеттик сатып алуулар системасын  чыңдоо жана эл аралак мыкты практика” темасындагы окуу курсу болуп өттү.  Бул иш-чара Мамлекеттик сатып алуу департаменти менен USAID биргеликте ишке ашырып жаткан “Бюджеттик отчеттуулук жана туруктуу соода» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.  Курстун негизги максаты -катышуучуларга мамлекеттик сатып алуулар системасы тарабындагы  эл аралык каражаттардын (инструменттерин) жана стандарттардын топтомдорун берүү.    

Курстун тренерлери:

  • Кирстен Дженсен, Даниядан,  эл аралык сатып алуулар боюнча  адис, Devtech Systems компаниясы, FAST USAID долбоору.
  • Тимур Чериков, сатып алуулар системасы боюнча адис, Nathan Associates компаниясы, FAST/USAID.

Тренингдин жүрүшүндө   Мамлекеттик сатып алуулар системасынын өнүгүү баскычтары үйрөтүлүп, командалык презентациялардан жана талкуулардан кийин, Кыргызстандагы мамлекеттик сатып алуулар системасы узак жолду басып өттү жана ал өнүгүп келе жатат деген жыйынтык чыгарылды.   

Эң кызыктуусу, “Сатып алуулар ишмердүүлүгү кесип катары”деген тема болду.  “Сатып алуучу” деген кесип Кыргызстанда кабыл алына элек, ошентсе да, ар бир бюджеттик уюмда КР ЭФМ Окуу борборунун сертификатын алган, Электрондук мамлекеттик сатып алуулар порталы менен иштеп, мамлекеттик сатып алуу конкурстарын өткөрүп, баалоо жүргүзүп, иштеп  жаткан адис бар.

Ошол эле учурда, бул курстун катышуучулары Мамлекеттик сатып алуулардын ролун көңүлгө алуу менен, төмөнкүдөй сунуш-пикирлерин айтышты:  ушул өтүлгөн таманы биздин өлкөнүн жогорку окуу жайларынын программасына киргизүү, ар кандай категориядагы сатып  алуучуларды даярдоо, жүктөлгөн кошумча жоопкерчилиги үчүн турткү (дем) берүүчү кошумчаларды киргизүү.