2021-жылдын 30-мартында М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде Глобалдуу акча жумалыгына (Global Money Week) арналган “Кыргыз Республикасындагы калктын финансылык сабатту

2021-жылдын 30-мартында М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде Глобалдуу акча жумалыгына (Global Money Week) арналган “Кыргыз Республикасындагы калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун актуалдуу маселелери” темасында Тегерек стол болуп өттү.

Бул тегерек столдо 2021-жылы өткөрүлгөн акча жумалыгынын  жыйынтыгы,  жарандардын финансылык сабаттуулук деңгээлин көтөрүү жана финансылык жүрүм-турум маданияты, ошондой эле экономикалык билим берүүнүн мыкты практикасын көтөрүп чыгып, аны жайылтуу маселелери талкууга алынды.

Иш-чаранын катышуучулары: КРУБ, мамлекеттик органдардын, Микрофинансылык уюмдар Ассоциациясынын, АГЗД, ОшМУ, ОшТУ, коммерциялык банктардын өкүлдөрү, КЭУнун туруктуу окутуучулары, КЭУ, КУУ, Борбордук Азиядагы эл аралык университетинин колледждеринин студенттери, А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун студенттери, Чолпон – Ата шаарындагы А. Осмонов атындагы  мектеп–гимназиясынын окуучулары, Жалал-Абад шаарындагы К.Ш. Токтоматов атындагы Эл аралык университетинин студенттери. 

КР ЭФМ Окуу борборунун директору Турдумамбетова Эрке Доолотбековна финансылык сабаттуулук боюнча өткөрүлгөн тренингдер жана иш-чаралар тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

  1. Дүйнөлүк (каражат) сактоо-жыйноо жана финансылык жарманкеге жигердүү катышуу күнү. КР ЭФМ Окуу борбору Микрофинансылык уюмдар Ассоциациясы менен биргеликте 2019-жылдын 2-ноябрында “Инсан” колледжинин окутуучулары жана студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөргөн. Окутуунун жүрүшүндө финансылык пландоо жана бюджет, акча каражатын сактоо, карыздоо (заемдук) мамилелери, финансылык кызматты колдонуучулардын укуктарын коргоо ж.б. темалардагы маалыматтар берилген.
  2. 2021-жылдын 25 жана 26-январында «Сенти» финансылык компаниясы менен биргеликте “Финансылык сабаттуулук” боюнча КР ЭФМ 14 кызматкерине “Жеке акча каражатын сактоо жана инвестициялоо” темасында окуу курсу өткөрүлдү.
  3. 2021-жылдын 19-январында  “Кыргызстан” топтолмо пенсиялык фонду менен биргеликте КР ЭФМ 35 кызматкерине “Мамлекеттик пенциялык камсыздоонун милдеттүү топтолмо компоненттерин натыйжалуу башкаруу, ыктыярдуу топтолмо пенсиялык системанын келечеги” темасында окуу курсу өткөрүлдү.
  4. КР ЭФМ Окуу борборунун кызматкерлери 2021-2025-жылга карата «Финансылык жеткиликтүүлүк стратегиясы» долбоорунун жумушчу тобунун мүчөлөрү. 
  5. КРУБ жана финансылык билим берүү боюнча Эл аралык Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун демилгеси менен уюштурулган КР ЭФМдин Ачык эшиктер күнү 2021-жылдын 24-мартында өткөрүлдү. Бул иш-чарага 210 студент катышты.