Бүгүн 2021-жылдын 24-мартында КР Экономика жана финансы министрлигинде КР УБ жана финансылык билим берүү боюнча эл аралык

Бүгүн 2021-жылдын 24-мартында КР Экономика жана финансы министрлигинде КР УБ жана финансылык билим берүү боюнча эл аралык Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун демилгеси менен уюштурулган Глобалдуу акча жумалыгынын (Global Money Week) алкагында, “Ачык эшиктер күнү” КР ЭФМ Окуу борбору менен биргеликте өткөрүлдү. Бул иш-чарага КРСУ, КЭУ, Адам университети, КЭАУ, И.Раззаков атындагы КМТУ жогорку окуу жайларынын студенттери катышты, ошондой эле онлайн режиминде Zoom платформасында: ОшМУ, ЖАМУ, К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университети, К. Тыныстанов атындагы ЫМУ, НМУ, ТМУ, БатМУ, ОшГУ, ОшТУ, ЖАГУ, ИГУ, НГУ, ТГУ, КУУ жогорку окуу жайларынын студенттери кошулушту.

Иш-чараны ачуу үчүн жана эмгек жамаатынын атынан меймандарды куттуктоочу сөздү КР Экономика жана финансы министринин орун басары  Шаршеев Айдин Омуралиевич сүйлөдү:

“Болочоктогу биздин коллегаларыбыз, финансы чөйрөсүндөгү кызматкерлер үчүн Министрликтин эшиги дайыма ачык. Бүгүн биз сиздерге КР Экономика и финансы министрлигинин, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүктөрү, аларга жүктөлгөн иш милдеттери жана тапшырмалары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн беребиз. ”.

Анан дагы биздин Президентибиз өткөн 2020-жылды “КР менен РФ кайчылаш жылы” деп жарыялагандыгын жана анын жыйынтыгы 2021-жылдын күзүндө чыгарыла тургандыгын, ошого байланыштуу бүгүн КР ЭФМ Окуу борбору Экономиканын жогорку мектеби менен биргеликте ири масштабдагы иш-чаранын бешинчисин өткөрүп жаткандыгын баса белгилеп өттү.  

“Улуттук Изилдөө университетиндеги “Экономиканын жогорку мектебинин” жетекчилигине жана жалпы эмгек жамаатына терең урматтоо менен, сиздерди дүйнөлүк Топ-100 университеттердин катарына киришиңер менен куттуктайм.  Россия Федерациясы чындыгында алдыңкы өлкө, ал мурдагы советтик өлкөрлөрдөгү жаңы базар экономикасынын шарттарына калыптанган жана Кыргызстандын аймактары үчүн да колдонууга боло турган тажрыйбага ээ.  

Биз “Кайчылаш жылы” менен эле токтоп калбайбыз жана жемиштүү кызматташтыгыбызды андан ары да уланта бермекчибиз!" – деп, айтты А.Шаршеев өз сөзүнүн жыйынтыгында.   

Мындан кийин КР Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борборунун директору Эрке Доолотбековна Турдумамбетова Окуу борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди:

“40 миңге жакын угуучу биздин борборубуздагы окуу курстарынан өтүштү. Биз мамлекеттик кызматкерлер, студенттер, жигердүү жарандар билим ала турган, актуалдуу  жана талап кылынуучу курстарды окутабыз. Биздин сертификаттар биздин өлкөгө эле эмес, башка мамлекеттер үчүн да жарактуу болуп саналат. Азыр   кызматкерлердин мобилдүүлүгү (бардыгынан кабардар) жана ар тараптуулугу маанилүү болуп калды, силер коммуникативдүү болуп, азыркы бат өзгөрүлүп турган жашоого (дүйнөгө) тез көнүп кетүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болушуңар керек”

КР ЭФМ Борбордук казыналыгынын Казыналык жол-жоболордун усулдары жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Чоколова Роза Турдумамбетовна студенттерге Казына тармагын өркүндөтүү жөнүндө айтып берди:  “Мен Финансы министрлигинде 40 жылдан ашык иштеп келе жатам жана бул имараттын дубалдары мен үчүн ыйык. Бул имараттын кабинеттеринде улуу адамдар иштешкен, финансы тармагын, кредит, салык жана бюджет системасын өнүктүрүүгө чоң салым кошушкан.  Ошондуктан, сиздер мында келип, ушул иш-чарага катышкан үчүн сыймыктансаңар болот. Биз жумушубузга эң алдыңкы технологияларды киргизип турабыз” - деп, студенттерге көптөгөн пайдалуу маалыматтарды берди. Андан ары ал Казыналыктын ишинин теориялык бөлүгүн презентациялады.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Пермь ш. (РФ) - УИУ ЭЖМ бөлүм жетекчилери Дмитрий Кашин жана  Никита Клюев сүйлөдү. Алар экономикалык багыттагы студенттерге кандай карьералык траекториялар жеткиликтүү боло тургандыгын айтып беришти.  

Кезеги менен КР ЭФМ Персонал менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Табалдиева Жыпара Тойчубековна студенттерге мамлекеттик кызматка кантип кирүүгө боло тургандыгын, конкурстан өтүү этаптарын, кандай талаптар коюларын, улуттук жана ички кадрлардын резерви тууралуу маалымат берди.  

КР ЭФМ ишмердүүлүгү жөнүндө, министрликтин түзүмү, КР Экономика жана финансы министрлигинде практикадан өтүү маселелери мындагы катышкан студенттерди абдан кызыктырды. Кызыккан маселелери боюнча суроолорго жоопторду алышты

Бул иш-чарада өлкөбүздөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, бардык санитардык талаптар жана нормалар сакталгандыгын белгилей кетүүбүз керек. Ушуга байланыштуу 100дөй студент жыйындар залына жайгаштырылып, ал эми калгандары онлайн аркылуу катышышты.